Эң эски галактикалардан бирөөсү каттоого алынды

Астрономдор 12, 8 миллиард жыл мурда пайда болгондугу болжолдолгон, ааламдагы эң эски галактикалардан бирөөсүн каттоого ала алышты.

842797
Эң эски галактикалардан бирөөсү каттоого алынды

Астрономдор 12, 8 миллиард жыл мурда пайда болгондугу болжолдолгон, ааламдагы эң эски галактикалардан бирөөсүн каттоого ала алышты. "Nature Astronomy" журналындагы маалыматка караганда АКШнын Массачусеттес университети жана Мексика улуттук астрофизика, Оптика жана электорника институту тарабынан иштетилген чоң миллиметрдик  телескоп ушул күнгө чейин   ачылган экинчи эң алыстагы галактиканын көрүнүшүн алды.

Галактиканын биринчи жолу  космостук телескобу менен байкалгандыгына көңүлдөрдү бурган илимпоздор галактиканын ичиндеги жаш жылдыздардын тегерегиндеги чаң толкундарынын артында жоголгондугун белгиледи.

Чоң жарылуудан кийин өткөн 400 миллион жылда дүйнөнүн толугу менен иондошкон абалда болгондугу, ошондуктан кандайдыр бир астрономиялык форманын пайда болушуна уруксат бербей турганчалык ысык экендигин белгилеген илимпоздор эки галактика жана асман телолорунун Чоң жарылуудан 500 миллион жана 1 миллиард жылдан кийин келгендигин эске салып, ачылган галактиканын ааламдын эң эски галактикаларынын бирөөсү экендигине көңүлдөрдү бурду.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар