АКШнын президенти Кытайда
Кытай менен АКШнын ортосунда бир канча келишимге кол коюлду
АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ башталган үч күндүк расмий Кытай сапарынын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолукту.
Эки лидер жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүп журналисттерге маалымат беришти.
Кытай Эл Республикасынын Мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамптын сапарынын алкагында Кытай менен АКШнын ортосунда 250 миллиард долларлык бир канча келишимге кол коюлганын жарыялады.
Си Цзиньпин, Трамптын сапарынын алкагында эки өлкөнүн фирмаларынын ортосунда соода жана инвестиция тармактарын камтыган 250 миллиард доллардык бир катар келишимдерге кол коюлганын белгиледи.
Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык потенциялынын чоңдугуна басым жасаган Си, Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы жакшы карым-катнаштардын бүткүл дүйнөнүн өнүгүү жана ырааттуулугуна салым кошооруна токтолду.
Трамп, 13 күндүк Азияга сапарынын алкагында алгач Япония менен Түштүк Кореяда жолугушууларды өткөрдү жана кечээ Пекинге барды.
Трамп, мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 19-курултайында экинчи мезгилге шайланышынан кийин бул өлкөгө сапар жасаган алгачкы лидер болду.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.