Сауд Арабияда камакка алынган кишилердин банк эсептери тоңдурулду
Сауд Арабияда Башкы прокуратуранын буйругу боюнча жемкорлук себеби менен камакка алынган кишилердин банк эсептери тоңдурулду.
![Сауд Арабияда камакка алынган кишилердин банк эсептери тоңдурулду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/376b/0828/384f/58e7408783920.jpg?time=1719068375)
Сауд Арабияда Башкы прокуратуранын буйругу боюнча жемкорлук себеби менен камакка алынган кишилердин банк эсептери тоңдурулду.
Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAде орун алган кабарга караганда Сауд Арабиянын Акча-кредиттик агенттиги SAMA, Башкы прокураторуанын буйругуна ылайык жемкорлук себеби менен камакка алынган жана арасында принц, жогорку даражалуу жетекчилер жана миллиардер ишкерлер да орун алган кишилердин «жеке банк эсептерин» тоңдурду.
SAMA учурда жеке кишилердин эсептери гана тоңдурулганын, камактагы кишилерге таандык же камактагы кишилердин акциялары орун алган фирма эсептерине карай бул баскычта кандайдыр бир тоңдуруу процедурасынын ишке ашырылбаганын жарыялады.
Банктарга бул тема тууралуу буйруктар жиберилгени жана жеке кишилердин эсептери тоңдурулганы айтылса, Сауд Арабияда ишин жүргүзгөн фирмалардын сөзү болгон териштирүүдөн таасир албастан иштерин улантаары, өлкө ичи жана өлкө тышындагы акча которууларын уланта тургандары белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719068376)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719068376)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.