Грецияда баш калкалоочулар ачкачылыкты улантышууда

Баш калкалоочулар жетекчилерден так жооп келгенге чейин ачкачылыкты улантышарын белгилешти.

839552
Грецияда баш калкалоочулар ачкачылыкты улантышууда

Грециянын борбор шаары Афинада бир группа баш калкалоочу  2 жылдан ашуун убакыттан бери жашап жаткан  Германиядагы үй  - бүлөлөрү менен жолугушуу үчүн баштаган ачкачылыкты улантышууда. Түндү суук абага карабастан шаардын борборундагы Синтагма аянтында парламент имаратынын маңдайына курган чатырларда өткөргөн баш калкалоочулар жетекчилерден так жооп келгенге чейин ачкачылыкты улантышарын белгилешти.

Баш калкалоочулар тынчсызданып жатышкандарын айтышып, үй  - бүлөлөрдү бириктирүү программасынын негизинде узун убакытка созулган процесстен кийин кабыл алынгандарына карабастан көптөгөн айлардан бери Грецияда күтүп жаткандарына нааразычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар