Йемендеги кагылышуулар
Кагылышууларда 13 киши каза тапты.
838217
![Йемендеги кагылышуулар](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ae1f/9351/e013/59f96b196e615.jpg?time=1719354228)
Йемендеги Таиз шаарында хусилер менен армия күчтөрүнүн ортосунда чыккан кагылышууда 13 киши каза тапты. Таиз шаарынын батышындагы Жебел ел - Икба тоолорунда хусилер менен армия күчтөрүнүн арасында болгон кагылышууда 8 киши да жараланды.
Йемен армиясы Дали шаарында хусилерге таандык бир учкучсуз аба унаасын атып түшүрдү.
Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болгон Йеменде мыйзамдуу башкарууга сокку урган хусилер жана аларга колдоо берген Салих жактоочулары 2014 – жылы сентябрдан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган.
Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жыл марттан бери Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.