Барзани кызматын таштады

Месут Барзанинин ыйгарым укуктарынын өкмөт, Парламент жана Адилет кеңешине өткөрүлүшү чечими Парламентте болгон добушка салууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

836669
Барзани кызматын таштады

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) төрагасы Месут Барзанинин ыйгарым укуктарынын өкмөт, Парламент жана Адилет кеңешине өткөрүлүшү чечими Парламентте болгон добушка салууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Ирактын Түркмөн фронтунун (ИТФ) Эрбилден эл өкүлү Айдын Маруф, Парламенттин кызмат мөөнөтү толгон Барзанинин төрагалык ыйгарым укуктарынын өкмөт, Парламент жана Адилет кеңешине өткөрүлүшү чечими Парламенттеги добушка салууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын айтты.

Маруф, Парламентте айрыкча ИКАБдын жетекчилик кеңешинин да жоюлушуна чечим чыгарылганын айтты.

Месут Барзани, Парламентке жөнөткөн катында 1-ноябрдан тарта соңуна чыга турган төрагалык кызматын «уланата албай турганын жана мөөнөтүнүн узартылышын кабыл албаганын» билдирген.

Бул учурда Месут Барзанинин кызмат мөөнөтүнүн толушунун себебинен ыйгарым укуктарынын өткөрүлүшүнүн алкагында уюштурулган отурум убагында КДПны жактаганы айтылган бир топтун, Парламент имаратына кирүүгө аракет кылганы билдирилди.

Имаратты курчаган жана таяк-таш көтөрүп жүргөндөрү байкалган митингчилер, Барзанини жактаган ураан чакыргандан соң отурум өткөрүлгөн имаратка кирүүгө аракет кылышты жана асманга ок атышты. Коопсуздук күчтөрүнүн бөгөт коюусуна  туш болушкан митингчилер, имараттын тышына чыгарылды.

 



Тектеш кабарлар