АКШдан Мьянмага чакыруу

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон  Мьянма армиясынын башкы командири Мин Аунг Хлаингди аракандыктарга карата күч колдонууну токтотууга чакырды.

835540
АКШдан Мьянмага чакыруу

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон  Мьянма армиясынын башкы командири Мин Аунг Хлаингди аракандыктарга карата күч колдонууну токтотууга чакырды.

Министрликтин катчысы Хизер Науэрт жазуу түрүндөгү маалымат берип, Тиллерсондун Хлаинг менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жарыялады.

Тиллерсондун бул сүйлөшүүдө Мьянмада болуп жаткан адамзаттык кризиске көңүл бургандыгын белгилеген Науэрт буларды айтты : «Министр Мьянма коопсуздук күчтөрүнө чакыруу салып өкмөттү колдоолору керектигин, Аракан аймагындагы күч колдонууну токтотуу жана аракандыктар башта болуп, үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон башка кишилердин коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтуусу үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүн талап кылды. Тиллерсон үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон кишилерге гуманитардык жардам мүмкүнчүлүктөрүнүн сунушталышы, журналисттердин аймакка киришине жана БУУму менен кызматташтык түзүп адам укуктарын бузуу жана күч колдонуу тууралуу иликтөө жүргүзүүсүнө уруксаттын берилишине чакыруу салынды».

 



Тектеш кабарлар