АКШ Асадсыз Сирияны каалайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон,айрым Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарларынан кийин Швейцариянын Женева шаарында БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен жолукту.

835222
АКШ Асадсыз Сирияны каалайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, өлкөсүнүн Башар Асаддын эч бир ролу болбой турган «бүтүн» жана «бириккен» Сирияны каалаганын айтты.

Рекс Тиллерсон: «Асад үй-бүлөсүнүн өкүмдарлык мезгили соңуна чыгып бартат. Жалгыз маселе мунун кантип аткарыла турганы»,-деди.

Тиллерсон, айрым Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарларынан кийин Швейцариянын Женева шаарында БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен жолукту.

АКШнын мамлекеттик катчысы, жолугушуудан кийинки маалымдоосунда Сириянын келечегинде Асаддын болбой турганын баса белгилеп, «АКШ, Асаддын өкмөттө эч бир ролу болбогон «бүтүн» жана «бириккен» Сирияны каалайт. Асад үй-бүлөсүнүн өкүмдарлык мезгили соңуна чыгып бартат. Жалгыз маселе мунун кантип аткарыла турганы»,-деп айтты.

Сирияда 6 жылдан бери уланган жарандык согушта Асад күчтөрүнүн трендди өзгөртүүсүндөгү жалгыз себептин Орусиянын абадан колдоосу болгонун жактаган Тиллерсон, режимдин башка шериктеши Иранга болсо террор уюму ДЕАШтын жеңилүүгө учуратылышында мүмкүнчүлүк берилбеши керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар