Атомдук келишим керектүү

Гутерриш журналисттерге маалымат берди

829981
Атомдук келишим керектүү

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын атомдук келишиминин керектүү экенин жана сакталышынын абдан маанилүү экенин айтты.

Гутерриш Борбордук Африкага сапарынын алдында журналисттерге маалымат берди.

Ирандын атомдук келишимди бузуп же бузбаганы жөнүндөгү суроо боюнча Гутерриш, келишимге байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган отчеттун чындыкка дал келгенин белгилеп: «Атомдук келишим керектүү жана сакталышы өтө маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар