Нигерияда суу аркылуу жайылган жугуштуу оорулар

Суу аркылуу жуккан оорулардан улам жылда 59 миң бала каза болууда.

821868
Нигерияда суу аркылуу жайылган жугуштуу оорулар

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигерияда суу аркылуу жуккан оорулардан улам жылда 59 миң бала каза болууда.

Сууларды изилдөө министри Сүлейман Адаму гигиеналык ооруларды алдына алуу медициналык кийлигишүүдөн дагы таасирдүү болоруна көңүл буруу менен коомдун 87 пайызынын кол жууш үчүн таза суу колдоно албагандыгын жана бул абалдын жугуштуу оорулардын жайылышында негизги факторлордун арасында орун алгандыгын айтты.

Статистикаларга караганда өлкөдөгү элдин саламаттыгы борборлорунун 69 пайызында кол жууш үчүн атайын жерлер жок.

Нигерияда дизентерия, холера жана тиф сыяктуу суу менен жуга турган оорулардан улам жыл сайын көп сандаган киши каза болууда.



Тектеш кабарлар