БУУда Мьянма тууралуу ачык отурум өттү

БУУнун коопсуздук кеңеши 7 өлкөнүн талабы боюнча Мьянмада аракандык мусулмандарга карай уланып жаткан зомбулук окуяларын ачык отурумда талкуулоо үчүн чогулду.

817074
БУУда Мьянма тууралуу ачык отурум өттү

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Мьянма армиясын курал менен камсыздаган өлкөлөрдүн курал сатууларын токтотушу керектигин айтты.

БУУнун коопсуздук кеңеши 7 өлкөнүн талабы боюнча Мьянмада аракандык мусулмандарга карай уланып жаткан зомбулук окуяларын ачык отурумда талкуулоо үчүн чогулду.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, БУУнун коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдү Аркандагы абал туурасында маалыматтандырды.

Мьянмада 25-августта башталган кризис барган сайын начарлаганына жана Арканда аянттагы чындыктардын шашылыш түрдө иш-аракетке өтүүлөрү керектигин ортого салганына көңүл бурган Гутерииш: «Бул абал дүйнөнүн эң ылдам өскөн качкындар кризисине, адамзат кризисине жана адам укуктарын бузуу коркунучуна айланды»,-деди.

Антонио Гуттериш, мьянмалык жооптуу кызматкерлерден аскердик операцияларын дароо токтотууларын, гуманитардык жардамдардын кирүүсүнө уруксат берүүлөрүн жана аракандык качкындардын коопсуз жана ар-намысы сакталган түрдө өлкөлөрүнө кайтууларына мүмкүнчүлүк түзүлүүсүн талап кылды.

Мьянмадагы зомбулук окуяларынан качып Бангладешке баш калкалаган баш калкалоочулардын санынын 500 миңден ашканын айткан Гутерриш, жерлеринен ажырагандардын 94 пайызынын аракандык экенин айтты.

Гутерриш, бул болуп жаткан апааттын радикалдашууга себеп боло турганын жана коргоосуз адамдардын адам уурдагычтардын колуна түшө турганын айтып эскертти.

Мьянмалык жооптуу кызматкерлердин аскердик операциялардын 5-сентябрда бүткөнүн айтканына карабастан аракандыктардын дагы деле жерлеринен ажыраганын жана мусулмандардын айылдарынын өрттөлгөнүн белгилеген Гутерриш, Аракандын түндүгүндөгү 471 айылдан 176сынын толугу менен ташталып кеткенин билдирди.

Кеңеште сөз алган АКШнын Буудагы туруктуу өкүлү Никки Хейли да, Мьянма армиясынын аракандык мусулмандарга карай «этникалык тазалоо» кылганын айтты.

Хейли: «Бул кеңеште жакшы ниеттүү дипломатиялык сөздөр эбак айтылды жана эми убакыт өттү. Мьянма армиясына кылмыш кылган, жек көрүүнү күүлөгөндөргө каршы иш-аракетке өтүшүбүз керек. Кылмыш кылгандар кызматынан алынышы керек жана сот алдына чыгарылышы зарыл. Мьянма армиясына курал берген өлкөлөр курал сатууларын токтотууулары абзел»,-деп айтты.

Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Франсуа Делаттре болсо Мьянма өкмөтүнөн Аракандагы аскердик кыймылдар жана зомбулук окуяларын соңуна чыгарышын талап кылып, аймакка гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз жеткирилишине уруксат берилишин суранды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия да, өз сөзүндө Араканда болуп жаткандарга обьективдүү каралышы керектигин жана  «геноцид жана этникалык тазалоо» сөздөрүнүн дагы кылдат колдонулушу керектигин жактады.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ву Хайтао болсо, Мьянма өкмөтүнүн маселени чечиш үчүн аракет кылганын жана окуялар басаңдай баштаганын айтып, эл аралык коомчулуктан сабырдуулук жана түшүнүү менен кароону суранды.



Тектеш кабарлар