Мексикадагы жер титирөө

Каза тапкандардын саны көбөйүп баратат

810521
Мексикадагы жер титирөө

Мексикада кечээ кечинде болгон 7.1 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 248ге жетти.  

Жердин 43 километр тереңдигинде болгон жер силкинүүнүн эпицентри, борбор шаар Мехикого 123 километр алыстыктагы Пуэбла шаары экени билдирилди.

Улуттук жарандык коргонуу агенттигинин билдирүүсүндө, Мехикодо ондогон имараттын жер менен жексен болгонуна көңүл бурулду.

Маалымдалгандай борбор шаарда 117, Морелос аймагында 72, Пуэблада 43, Мексикодо 12, Герреро аймагында 3 жана Оахака аймагында да бир киши каза болду.

Президент Энрике Пена Ньето, Мехиконун түштүгүндөгү бир башталгыч мектептин урап калганын жана урандынын астынан ушул учурга чейин 25 окуучунун сөөгүнүн чыгарылганын билдирди.

Издеп-куткаруучу топтор 38 киши урандынын астында калган мектепте куткаруу иштерин улантып жатышат.

Жер титирөө болгон аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруу иштерине колдоо көрсөтүүсү үчүн кошумча бөлүктөр жөнөтүлдү.

Өлкөнүн түштүк жээктеринде 8-сентябрда болгон жер титирөөдөн болсо 98 киши көз жумган болчу.

Кечээки жер титирөө 1985-жылдын 19-сентябрында болгон 8.1 баллдык жер титирөөнүн жыл тогошуусунда болду.

Бул апааттан 6-12 миңдей адам каза болгон.



Тектеш кабарлар