АКШ Ооганстанга аскер жөнөтөт

Маттис Пентагондо журналисттерге маалымат берди

809591
АКШ Ооганстанга аскер жөнөтөт

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис, Ооганстанга орто эсеп менен дагы 3 миң аскер жөнөтө тургандарын билдирди.

Маттис Пентагондо журналисттерге берген маалыматында, Ооганстанга орто эсеп менен дагы 3 миң аскердин жөнөтүлүшүнө байланыштуу акыркы кол тамганын коюла электигин айтты.

Маттис: «3 миңдей аскер жана ачык айта турган болсок акыркы кол тамга коюла элек, айрым келишпестиктердин чечилишин карап жатабыз»,-деди.

АКШнын Ооганстанга жөнөтө турган 3 миң чакты аскеринен кийин бул өлкөдөгү жалпы аскерлердин саны 14 миңдей болот.



Тектеш кабарлар