Кувейт Түндүк Кореянын элчисин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды

Кувейт Пхеньян менен болгон дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин төмөндөтүүүдө

808808
Кувейт Түндүк Кореянын элчисин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды

Кувейт Түндүк Кореянын Кувейттеги элчисине өлкөдөн чыгып кетиши үчүн бир айлык мөөнөт тааныганын билдирди.

Кувейт Пхеньян менен болгон дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин да төмөндөтүп, дипломатиялык өкүлчүлүктүн милдетин аткаруучу деңгээлине түшүрүлүшүн жана кызматкер санынын азайтылышын талап кылды.

Кувейттин эмири шейх Сабах аль Сабахтын эки жума мурда Вашингтонго сапар жасашынан  кийин ушундай чечимдин чыгарылышы көңүлдөрдү бурду.

Кувейттик жогорку даражалуу бир дипломат, айрыкча Түндүк Кореялык жумушчулар иштеп жаткан учурдагы долбоорлордун 1 же 2 жылдын ичинде бүтүрүлүшүнөн кийин бул жумушчулардын Кувейтке кайрадан кирүүлөрүнө уруксат берилбей турганын да маалымдады.

Кувейтте 2000-2500дөй Түндүк Кореялык жумушчунун иштеп жатканы божомолдонууда.

Кувейт буга чейин да Түндүк Корея менен бардык соода-сатык байланыштарын жана каттамдарын токтотконун билдирген болчу.



Тектеш кабарлар