Мексикадагы жер титирөө дүрбөлөңгө түшүрдү (видео)

Термелүү жердин 70 чакырым тереңдигинен келди.

803774
Мексикадагы жер титирөө дүрбөлөңгө түшүрдү (видео)

Борбордук Америка өлкөсү Мексикада акыркы жүз жылдык тарыхынын эң чоң жер титирөөсү болуп өттү.

Мексиканын Тынч океан жагында болгон 8,2 баллдык жер титирөөдө каза болгондорпдун саны 32ге жетти.

Жер титирөөнүн очогу Тынч океандын суулары, Мексиканын Пихихьяпан шаарынын 87 чакырым түштүк-батышында болду.

Термелүү жердин 70 чакырым тереңдигинен келди.

Жергиликтүү убакыт боюнча 11:30 чамаларында болгон 8,2 баллдык жер титирөө алты өлкөгө таасирин тийгизди.

Жерт титирөөнү эң катуу сезген Мексика болду.

Борбор калаа Мехико-Ситидеги калк чоң дүрбөлөңгө түштү.

Мексиканын түштгүндөгү Чьяпас жана Табаско шаттарынан өлүм кабарлары келди.

Термелүүнүн себебинен Оахака штатында бир мейманкана кулады.

Оахака өлүм житим эң көп болгон аймак катары катталды.

Мексиканын мамлекет башчысы Энрике Пена Ньето апааттан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Ньето: «Өлкөбүздүн акыркы жүз жылда туш болгон эң чоң жер титирөө. Элибиздин коопсуз болушу үчүн колубуздан келгенин кылуудабыз»,-деди.

Чоң жер титирөөдөн кийин дароо цунами эскертүүсү келди.

Бийиктиги 1 метрге жакындагын цунами толкундары Мексиканын жээктерине жетти, бирок зыянга учураткан жок.

Жер титирөөдөн кийин эң чоңу 7,2 баллдык 60тан ашуун кайталанган термелүүлөр болуп жатты.

Мексикада мындан мурдагы акыркы чоң жер титирөө 1985-жылы болгон. 8 баллдык жер титирөөдө миңдеген киши көз жумган.



Тектеш кабарлар