Венесуэлада ачкачылык кризиси

Венесуэлада эл олуттуу бир ачкачылык менен бетме – бет.

802569
Венесуэлада ачкачылык кризиси

Венесуэлада барган сайын тереңдеп бара жаткан экономикалык кризистен улам эл олуттуу бир ачкачылык менен бетме – бет. Өлкөдөн келген акыркы кабарлар элдин зоопарктагы жаныбарлар менен бирге  иттерди да жеш үчүн уулай баштагандыгын ортого чыгарды.

Оппозициячыл партия борбор шаар Каркаста адамдардын көчөдөгү жолбун иттерди жегендигин билдирди. Бул окуяны далилдеген фотографиялар коомчулук менен бөлүшүлдү.

Өлкөдө өткөн айда да Зуила аймагындагы зоопарктан калктын жаныбарларды жеш үчүн уурдагандыгы билдирилген болчу.

Өлкөдөгү ачкачылык деңгээли жогорулап жатканда мамлекет башчысы Николас Мадуро Тексас жээктерине чейин келген «Харви» бороону үчүн АКШга 5 миллион доллар жардам бериши менен сынга алынууда.



Тектеш кабарлар