Өлкө тышындагы аалымдар делегациясынан чакыруу

Өлкө тышындагы мусулман аалымдар делегациясы Мьянманын Аракан аймагындагы мусулмандардын куткарылышы үчүн эл аралык коомду эртерээк аракетке өтүүгө чакырды.

801993

Делегация тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Мьянмада мусулмандар дуушар болгон абал адамзатка каршы кылмыш жана бардык ислам үммөтүн бутага алууда»,- деген сөздөргө орун берилди. Маалыматта Бурма өкмөтүнө караштуу куралдуу күчтөр менен буддист кечилдер тарабынан Аракандагы мусулмандарга каршы башталган кыргындардын токтотулушу үчүн ислам дүйнөсүнүн, башкаруучуларынын, саясий партиялардын жана таасирдүү топтордун кыска убакытта аракетке өтүшү талап кылынды.

Мьянмада 1982 -  жылы кабыл алынган мыйзам менен жарандык укуктарын жоготкон аракандык мусулмандар «мамлекетсиз» деп саналат. БУУму тарабынан «кыйынчылык тарткан диний азчылык» деп кабыл алынган аракандык мусулмандар күч колдонууга, экономикалык жана коомдук бөлүүчүлүккө дуушар болууда.

Тектеш кабарлар