Болгарияда мечитке кол салуу жасалды

Болгариянын борбор шаары Софиядагы Осмондук мезгилинен калган бир гана мечит болгон Баня Баши мечитине кол салуу жасалды.

795136
Болгарияда мечитке кол салуу жасалды

Болгариянын борбор шаары Софиядагы Осмондук мезгилинен калган бир гана мечит болгон Баня Баши мечитине кол салуу жасалды.

София аймактык муфтийи Мустафа Избиштали кол салуунун ким экени азырынча билдирилбеген жана Болгарияга мыйзамсыз жолдор менен киргендиги болжолдолгон Сирия тектүү бир киши тарабынан жасалгандыгын айтты.

Избиштали кол салуучунун түн жарымында мечиттин кулпусун сындырып киргендигин, мечиттин эки айнегин сындыргандыгын жана башка буюмдарга зыян келтиргендигин айтты.

Полиция жетекчилери мечиттин жанынан өтүп бараткан бир топтун мечиттин ичинен келген үндөрдөн шектенип мечитке киргендигин, кол салуучуну карпам полиция пунктуна алып келгендигин билдиришти.

Бир тараптан Болгарияда эч бир мыйзамдуу статуска ээ болбогон кол салуучунун мындан мурда да ушуга окшогон кылмыштан улам София борбордук абагында жатып жаңы чыккандыгы билдирилди.

Расмий аты Кады Сейфуллах Эфенди мечити болгон жана 1566 – жылы курулгандыгы болжолдолгон мечит эл арасында Баня Баши мечити деп билинет.

 



Тектеш кабарлар