Сьерра-Леонедеги жер көчкүнүн кесепети

Жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 400гө жетти

791066
Сьерра-Леонедеги жер көчкүнүн кесепети

Батыш Африка өлкөсү Сьерра-Леоненин борбор шаары Фритаунда болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 400гө жетти. Өкмөттүн катчысы кеминде дагы 600 адамдын дайынсыз экенин билдирди.

Сьерра-Леоненин мамлекет башчысы Эрнест Бай Корома чоң кыйрандыга учурагандарын белгилеп, чукул жардамга чакырды.

Президенттин басма сөз катчысы Абдулаи Барайтай болсо, сөөктөрдүн дагы деле топурактан чыгарылып жатканын айтып: «Учурда элибиз аза күтүп жатат. Жакындарын таба албагандардын саны 600дөн ашуун»,-деди.

Моргдордо орун ачылуусу үчүн сөөктөрдүн тобу менен көмүлө турганы билдирилди.

Издеп-куткаруу иштерине БУУнун топтору да катышып жатат. Ошондой эле сууга байланыштуу ыктымалдуу жугуштуу оорулар коркунучуна каршы чара көрүүчү пландар түзүлүүдө.



Тектеш кабарлар