Cирияда ПКК/ПЙД зулумчулугу

Эки баласы мээ шалы  менен ооруган сириялык эне ПКК террорунан  качып,  Халептин түндүгүндө Түркия чек арасындагы Маре районуна баш калкалады.

790498
Cирияда ПКК/ПЙД зулумчулугу

Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД бүткүл дүйнөнүн көз алдында Сирияда адамзаттык кылмыш кылууну улантууда. Мындан мурда Сирияда басып алган аймактардагы жергиликтүү калкты мажбур түрдө жерлеринен чыгарган террордук уюм бул жолу Халептин түндүгүндө бир эне менен үч баланы коркутуу жолу менен үйлөрүнөн чыгарды.

Эки баласы мээ шалы  менен ооруган сириялык эне ПКК террорунан  качып,  Халептин түндүгүндө Түркия чек арасындагы Маре районуна баш калкалады.

ПКК/ПЙД Халептин түндүгүндө басып алган Сехба аймагынын Самука айылында жашаган 39 жаштагы Айше Хүсейин ел Шуайбини үч баласы менен үйүнөн чыгып кетүүгө мажбурлаган.

ПККлык террористтердин күн сайын үйүнө келип коркуткандыгын белгилеген Шуайби : «ПЙД бизди үйүбүздү бомбалоо менен коркутту»,- деди.

Шуайби : «Кийимдерибизди алууну кааладык. ПККлыктар койо берген жок. Снайперлер менен пулемет менен кол салышты. Жаныбызды араң куткарып чыктык айылдан»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар