Конгодо холерадан адамдар каза болууда
Холерадан улам 117 кишинин каза болгондугу билдирилди.
Конго демократиялык республикасында өткөн айда чыккан холерадан улам 117 кишинин каза болгондугу билдирилди. Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн чыгыш жагында 11 - июлда башталган холера эпидемиясы менен ооруган 3 миң 140 кишиден 117 кишинин каза болгондугу билдирилди. Оорунун башка аймактарга жайылып бара жаткандыгы да белгиленди.
Чек билбеген дарыгерлер уюмунан берилген маалыматка караганда холера эпидемиясына гигиеналык кемчилик жана таза ичүүгө боло турган суунун болбошу сыяктуу факторлор себеп болууда.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.