Кытайдагы жер титирөөдө каза болгондордун саны артты

Каза болгондордун саны 20га, жаралуулардын саны 431ге жетти.

787591
Кытайдагы жер титирөөдө каза болгондордун саны артты

Кытайдын түштүк чыгышында шейшемби күнү болгон 7,0 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 20га, жаралуулардын саны 431ге жетти. Синьхуа ганеттигинин кабарына караганда жергиликтүү убакыт боюнча 21:19да жердин 20 километр тереңдигинде болгон жер титирөөдө жаралангандардан 18 кишинин абалы оор. Жетекчилер араларында 128 чет элдик турист да болгон 50 миңден ашуун кишинин апаат аймагынан чыгарылгандыгын белгилеп, изилдөө - куткаруу топторунун иштерин улантып жаткандыгын билдирди. 

Кечээ берилген маалыматта жер титирөөдө 19 кишинин каза болгондугу, 247 кишинин жаралангандыгы белгиленген болчу. 

 



Тектеш кабарлар