FBI,Трамптын мурдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн директору Пол Манафорттун үйүн тинтип чыкты

Американын медиасына чагылышкан кабарларда Манафорттун Виргиния штатынын Александрия шаарындагы үйүн FBIдын тинтигени айтылды.

787253
FBI,Трамптын мурдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн директору Пол Манафорттун үйүн тинтип чыкты

АКШнын Федералдык териштирүү кеңсеси (FBI), Орусия териштирүүсүнүн алкагында президент Дональд Трамптын мурдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн директору Пол Манафорттун үйүнө тинтүү жүргүздү.

Американын медиасына чагылышкан кабарларда 26-июлда таңга маал Манафорттун Виргиния штатынын Александрия шаарындагы үйүн FBIдын тинтигени айтылды.

Манафорттун басма сөз катчысы Жейсон Малони да бул айтымдарды ырастап: «FBI тыңчылары Манафорттун үйлөрүнөн бирөөнү тинтип чыгышты. Манафорт ар дайым укук органдары менен кызматташканы үчүн бул ирет да аларга кыйынчылык туудурган жок»,-деди.

Манафорттун үйүндөгү тинтүү иши кеңири масштабдуу болгону белгиленген кабарларда, FBI тыңчыларынын үйдөн бир топ материал жана документтер менен чыккандары маалымдалды.

Аты аталган изилдөө буйругунун Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоолоруна кийлигишкени айтымдарын изилдеген атайын жооптуу прокурор Роберт Мюллер тарабынан берилген болушу мүмкүн экени көңүлдөрдү бурса, Манафорттун мындан мурда Орусия териштирүүсүнө салым кошо турган бир топ документти териштирүү менен алектенген органдарга бергени маалымдалды.

Айрым маалымат булактары, Манафорттун бардык документтерди кайтарып берип же бербегенине ишене албаган териштирүү комиссиясынын, федералдык сотту үйүн тинтүүгө көндүргөн болушу мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар