АКШ аскердик базаларын коргоого алат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) тарабынан, өлкөдөгү аскердик базаларга жакындаган жеке жана коммерциялык учкучсуз учуучу учактарды (İHA) түшүрүү үчүн мүмкүнчүлүктү камсыздаган программа жасалды.

786076
АКШ аскердик базаларын коргоого алат

Пентагондун берген маалыматына караганда, министрликтин аскердик базага жакын учурулган İHAларга каршы программа ишке киргизилди, бирок бул программа сыр бойдон калат.

Маалыматта, “Коргоо министрлиги, персоналдарына маанилүү объект жана кыйчалыш шарттарда коркунуч жараткан учкучсуз учуучу учактарга каршы эмнелерди жасай ала турганын түшүндүргөн спецификациялык жана жашыруун саясат жарыяланды.” -деп билдирилет.

Бардык İHA учууларынын АКШнын федералдык авиация башкармалыгы тарабынан белгиленген түрдө ишке ашырылуусу керек экендиги баса белгиленген билдирүүдө, мындан башка болгон учуулар уруксатсыз болуп саналат.

Пентагондун берген маалыматында төмөндөгүдөй пикирлер айтылат:

“Аскердик жайлар боюнча жасалган уруксаатсыз İHA учуулары туурасында жарандык-соттук иликтөөлөрдү, сот процесстерин колдойбуз.Күчтөрдү коргоо чараларына аралашпайбыз, бирок министрликтин персоналынын өзүн коргоо укугу сыр сакталат.”

Маселеге байланыштуу күндүк маалымат жыйынында маалымат берген Пентагондун маалымат катчысы полковник Жефф Дэвис, программанын ичинде İHA лардын түшүрүлүшү, конуусу жана конфискациялануусу бар экенин айтты.

Дэвис: “ АКШда жеке жана коммерциялык İHA колдонуунун артышы объекттерибиздин коопсуздугу, авиация жана адамдардын коопсуздугу менен байланышкан коркунучтарга жол ачууда. ”- деди.

Американын армиясынын АКШда 130 аскердик базасы бар.


Этикеткалар: #авиация

Тектеш кабарлар