Трамптын калпы чыгып калды

Мексика Трамптын айткандарын төгүнгө чыгарды

782873
Трамптын калпы чыгып калды

Мексика АКШнын президенти Дональд Трамптын айткандарын төгүнгө чыгарды.

Мексиканын Тышкы иштер министрлиги, президент Энрике Пена Ньетонун АКШнын президенти Трамп менен жакынкы мезгилде телефон аркылуу байланышпаганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, Трамп айткандай «Ньетонун баш калкалоочулар саясатын макташ үчүн Трамп менен кандайдыр бир телефон сүйлөшүүсүн өткөрбөгөнү» белгиленди.

АКШнын президенти Трамп дүйшөмбү күнү Мексиканын президенти Ньетонун ага телефон чалганын жана башкаруучулугунун АКШ-Мексика чек арасындагы иш-чараларын мактаганын айткан эле.


Этикеткалар: #Мексиканын , #төгүнгө

Тектеш кабарлар