Иранда экинчи Рухани мезгили башталды

Хасан Рухани өлкөнүн диний лидери Айетуллах Али Хаманей да катышкан аземде ант берди.

782982
Иранда экинчи Рухани мезгили башталды

Иранда экинчи жолу президент болуп шайланган Хасан Рухани өлкөнүн диний лидери Айетуллах Али Хаманей да катышкан аземде ант берди. Араларында мурунку президент Махмуд Ахмединежад да болгон жогорку мартабалуу ысымдар катышкан аземде сөз сүйлөгөн Хаманей : "Шайлоонун жыйынтыктарын бекитип жана сизди президент катары дайындап жатам",- деди. 

Хаманей сөзүндө Руханини жумушсуздук катнашын азайтуу жана улуттук өндүрүшкө алдыңкылык берүүгө чакырды. Хаманей  айрыкча май айында ишке ашкан жана шайлоочулардын 70 пайызынан көбү катышкан шайлоонун "республиканын исламдык режим менен толуктоодогу ийгилиги жана төңкөрүшчүл режимдин популярдык мүнөзүнүн көрсөткүчү" экендигин айтты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар