Түндүк Кореянын абдан опурталдуу кыймылдары белгиленди
Бул тууралуу аты аталышын каалабаган АКШлык жоопуу кызматкер маалымдады.
![Түндүк Кореянын абдан опурталдуу кыймылдары белгиленди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/56f5/0177/1e7d/598061c64d21b.jpg?time=1719146231)
Түндүк Кореянын “абдан опурталдуу деңиз астындагы кыймыл-аракетин” кылганы белгиленди.
АКШнын Коргоо министрлигинен атынын аталышын каалабаган бир жооптуу кызматкер, CNNге берген маалыматында Түндүк Кореянын жума күнкү континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноосун утурлай бир канча күндүн ичинде, «Абдан опурталдуу жана мындан мурда көрүнбөгөндөй деңгээлде» суу астынан кыймыл-аракеттерин жүргүзгөнүн белгилегендерин айтты.
Жооптуу кызматкер Түндүк Кореянын ошол эле учурда Жекшемби күнү Синподогу аскердик кеме куруучу жайда «учуруу сыноосун» кылганына көңүл буруп, мунун өткөн айда болгон үчүнчү, быйыл болгон төртүнчү сыноо экендигин баса белгиледи.
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Түндүк Кореянын жума күнү бир баллистикалык ракетасын сынаганын белгилеп, ал ракетанын Япониянын өзгөчө экономикалык зонасындагы сууларына түшкөнүн жарыялаган.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719146231)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719146231)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.