Сауд Арабия Йемендеги хусилерге чабуул койду

Сауд Арабия баш болгон эл аралык коалиция күчтөрү, Йемендин борбору Санада хусилерге тиешелүү айрым аймактарга аба чабуулун коюшту.

779282
Сауд Арабия Йемендеги хусилерге чабуул койду

Сауд Арабиянын Мекке аймагына Йеменден учурулган баллистикалык ракеталар абадан коргонуу системалары тарабынан талкаланган соң Санада кечки сааттарда “абдан катуу” жарылуулар угулду.

Кол салууда Сананын түндүгүндө жайгашкан хусилердин карамагындагы Дүлейми аба базасы менен Атан тоосундагы ок-дары менен камсыз кылуучу  жайлары бутага алынды.

Ал арада Сарф аймагындагы Улуттук Коопсуздук кызматынын  штабы, Жемнедеки мамлекеттик сакчылар мектеби менен борбор калаанын түндүгүндө жайгашкан Хашам аль- Бакранын штабына да абадан эки башка чабуул уюштурулганы маалым болду.

Күбөлөр хусилердин көзөмөлүндөгү  1-Броне-техникалык дивизиянын  штабы да бутага алынгандыгын айтышты.

Хусилерге тийиштүү Эль-Месира телеканалы коалиция күчтөрүнүн кулатылган лидери Али Абдуллах Салих туулган Сенхан районундагы Жербан айылы менен борбордун түндүгундөгү Амран  аймагына тийиштүү Харф Сүфйан менен Хүс районунда хусилерге тийиштүү жерлерге 6 аба чабуулу уюштурулганын маалымдады.

Коалиция күчтөрүнүн мурунку маалыматына ылайык, Йеменден Сауд Арабиянын Мекке аймагына атылган баллистикалык ракетанын абадан коргонуу системалары тарабынан талкаланганы маалымдалган эле.

Сауд Арабия башкарган коалициялык күчтөрдүн командирлигинин маалыматында:“Ажылык зыярат учурун ийгиликсиз кылуу үчүн Йемендеги хусилер ыйык шаар Меккеге багытталган “үмүтсүз баллистикалык ракета чабуулун жасашкан”,- деп белгиленген.

Хусилердин, мусулмандардын кыбыласы Кааба орун алган ыйык Мекке шаарына 12-сентябрда аткан баллистикалык ракета да, Каабага 65 километр жетпей абада жок кылынган.



Тектеш кабарлар