Кытай бийлиги уйгур түрктөрүнө кысым көрсөтүүдө

Кытай бийлигинин Чыгыш Түркстанда уйгур түрктөрүнүн чөнтөк телефондоруна “spyware” деп таанылган шпиондук мобилдик тиркемени жүктөөгө мажбурлап жатканы билдирилди. Аталган тиркеме колдонуучунун маалыматынан сырткары өздүк маалыматтарды да топтойт.

777485
Кытай бийлиги уйгур түрктөрүнө кысым көрсөтүүдө

10- июлда Үрүмчү аймагында жашаган уйгур түрктөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан “Jıngwang” аттуу тиркемесин чөнтөк телефондоруна жүктөө үчүн көрсөтмө камтыган билдирүү жиберилгени белгилүү болду.

Билдирүүдө тиркеме “террористтик маалыматтардын жайылышына жол бербөө” максатында ойлонуп табылганы айтылган.

Бир тараптан адистер, Кытай бийлигинин мобилдик тиркемени киргизүүсүн “террорчулук менен күрөшүү” максаты менен эмес жалаң аларды байкоо жана белгилөө максатында колдонуларын белгилеп жатышат. Азаттыктын берген маалыматына караганда Кытайга караштуу Или Казак автономиялуу аймагында 10 казак аял  “Jıngwang” аттуу мобилдик тиркемени чөнтөк телефондоруна жүктөгөндөн кийин WeChat маек тиркемесиндеги жеке билдирүүлөрүнүн себебинен улам колго түшүрүлдү.

Твиттер тектүү бир медиа каражатынан тараган сүрөттөрдө текшерип өткөрүү пунктунда кытайлык полиция кызматкерлери  аймактын тургундарын туш келди токтотуп чөнтөк телефондорунда “Jıngwang” мобилдик тиркемесинин бар же жогун текшергендери көрүнүп турат.

Өлкөдө жалпысынан санариптик цензура тиркемелерине кездешилсе да өзгөчө Чыгыш Түркстан сыяктуу Кытай тарабынан “чырдуу” делген аймактарда бул абалдын дагы да күчөтүлгөн деңгээлде болгону байкалууда.

Ушул сыяктуу “көйгөйлүү” жана “тынчы жок” аймактарда Кытай бийлигинин ашыкча цензура мажбурлоолорунун, байкоо жана текшерүү чараларды көрүүсүнүн жана интернеттин үзгүлтүккө учуратылышынын адатка айланганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар