Жапонияда катыган атомдук күйүүчү май табылды

Жапониянын Фукусима атомдук станциясында суу астындагы изилдөөчү робот, станциянын чыгымга учураган реакторунун базасына эрип катып калган ядролук күйүүчү майды тапты.

776653
Жапонияда катыган атомдук күйүүчү май табылды

Станцияны иштеткен “Токио Электр энергиясы (TEPCO)”  фирмасынын маалыматында “Little Sunfish” аттуу сууда сүзүүчү роботтун, станциянын зыянга учураган үч номерлүү реакторунун базасында эрип үйүлүп калган ядролук күйүүчү майды тапканы айтылган.

Маалыматта бара-бара муздап катып калган атомдук күйүүчү майдын 1 метр калыңдыкта экени билдирилген.

Бейшембиден баштап бүгүнкүгө чейин реактордун ичинде изилдөөсүн жүргүзгөн  робот, жума күнү алгач ирет атомдук күйүүчү майдын издерин көргөн.

Видеолордо эриген реактор өзөгүнөн базага аккан атомдук күйүүчү майдын сынган реактор бөлүктөрүнө  жуккандыгы көрүнгөн.

Эриген күйүүчү майдын белгиленип анализдениши станциянын чыгымга учураган үч реакторунун  ийгиликтүү көчүрүлүшү үчүн абдан маанилүү.

Калган эки реакторду да роботтор менен изилдөө иштери оор чыгымдардан жана жогорку радиация деңгээлинен улам жыйынтыксыз калган.

Жапониянын түндүк-батыш аймагында 2011-жылдын 11-мартында болгон 9 баллдык жер титирөө жана цунами, Фукусима станциясындагы үч атомдук реакторду зыянга учураткан жана радиоактивдүү заттардын агышына  себеп болгон.

Чернобыль жарылуусунан кийин дүйнөнүн эң чоң экинчи атомдук кырсыгына алып келген окуядан соң аймакта жашаган 160 миң киши башка жерге көчүрүлгөн.

Кесипкөйлөр реакторлордогу заттардын агышын көзөмөлгө алынып, бир топ жыл станцияны жоюу аракети улантылышын болжолдошууда. 

 



Тектеш кабарлар