Трамптын жаңылуусу социалдык медиа тармагын дуулдатты

Дональд Трамп, Германиянын Гамбург шаарында өткөн аптада болгон Чоң жыйырмалыктын саммити тууралуу маалыматында чоң жаңылыштык кылды.

770525
Трамптын жаңылуусу социалдык медиа тармагын дуулдатты

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Германиянын Гамбург шаарында өткөн аптада болгон Чоң жыйырмалыктын саммити тууралуу маалыматында чоң жаңылыштык кылды.

Трамп, СВN каналынан Пэт Робертсонго берген маеги убагында өзүнөн саммит тууралуу суралган суроого жооп берип жатып: «Абдан сонун Чоң жыйырмалык саммити болду. 20 өлкө бар эле»,-деп салганда социалдык медианын чалканынын чагуусунан кутула алган жок.

Белгилүү болгондой дүйнөнүн эң чоң экономикаларынын арасында орун алган 19 өлкө түзгөн Чоң жыйырмалыктын жыйырманчы мүчөсү Европа Биримдиги Комиссиясы.



Тектеш кабарлар