Чоң жыйырмалар саммити Германиянын Гамбург шаарында башталды

Германиянын канцлери Ангела Меркель расмий аземде лидерлер менен жолугушууда.

766461
Чоң жыйырмалар саммити Германиянын Гамбург шаарында башталды

Тосуп алуудан кийин чоң жыйырмалардын лидерлери «Террор менен күрөшүү» деген темада жолугушту. Премьер  - министр Р. Т. Эрдоган чоң жыйырмалар саммитинин «Террор менен күрөшүү» деген темадагы жыйынга катышты. Жыйынга президент Эрдоган, Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй, Аргентинанын мамлекет башчысы Маурио  Макри менен АКШнын президенти Дональд Трамп да катышты.

Президент Эрдоган Англиянын премьер  - министри Мэй жана АКШнын президенти Трамптын диалогдору да көңүлдөрдү бурду. Басма сөзгө жабык түрдө өткөн жыйын эки саатка жакын созулду. Жыйындан кийин расмий жолугушуу жана үй  - бүлө фотографиясына түшүштү. Фотографияда президент Эрдогандын оң жагында Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын президенти Си Циньпин орун алды. Бир тараптан АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон сүрөткө түшкөндөн кийин бир канча убакыт сүйлөшүштү. Лидерлер андан кийин «Глобалдык өсүү жана соода» деген темадагы биринчи иш алып баруу отурумуна өтүштү.

Улантууга боло турган өнүгүү, климат жана энергетика тема болгон экинчи отурум жыйынынан кийин кечки сааттарда лидерлер менен жубайлары Elbphilharmonie концерт залында классикалык музыка угууга катышат.

Саммитин экинчи күнүндө «Африка менен өнөктөштүк, миграция жана саламаттык» тема болгон үчүнчү жыйын башталат.

Бул жыйындан кийин «Сан ариптешүү, аялдардын күчтөндүрүлүшү жана жумуш менен камсыз кылуу» деген темада төртүнчү жыйын өткөрүлөт.

Саммиттин жабылуу жыйынынан кийин чоң жыйырмалар төрагалыгы пресс – жыйын өткөрөт.

Германия «Бири бири менен байланышы болгон бир дүйнөгө форма берүү» урааны менен ишке ашырган саммитте өз күн тартибинин тышында террор менен күрөшүү, Сирия жана Украинадагы келишпестик сыяктуу эл аралык маселелердин да каралышы пландалууда.



Тектеш кабарлар