Астана жыйынынан мурунку сүйлөшүүлөр

Астанада 4 – 5 -  июль күндөрү бешинчиси өткөрүлө турган Сирия жыйынынан мурда техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

763740
Астана жыйынынан мурунку сүйлөшүүлөр

Түркия жана Орусия делегациялары Казакстандын борбор шаары Астанада 4 – 5 -  июль күндөрү бешинчиси өткөрүлө турган Сирия жыйынынан мурда техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түрк жана орус делегациялары Астанада техникалык жыйын өткөрдү. Басма сөзгө жабык өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна байланыштуу маалымат берилген жок.

Түркия жана Иран делегацияларынын да кечки сааттарда жолугушуусу мүмкүн экендиги билдирилди. Кепил өлкөлөрдүн эртең түшкү сааттарда да сүйлөшүү өткөрүшү күтүлүүдө.

Башар Асад режими жана аскердик оппозициянын өкүлдөрү да катыша турган негизги жыйын техникалык сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен башталат.



Тектеш кабарлар