Дания Афганстанга аскер жиберүү чечимин кечеңдетти

Дания Афганстанга 55 аскер жибермек.

758410
Дания Афганстанга аскер жиберүү чечимин кечеңдетти

Дания АКШдан келген талап боюнча Афганстанга 55 аскер жиберүү чечимин токтотту. Дания парламентинин тышкы карым – катнаштар комиссиясынан кийин маалымат берген тышкы иштер министри Андерс Самуэлсен өкмөттүн Афганстанга аскер жиберүү чечиминин кечеңдетилгендигин айтты.

Самуэлсен Даниянын НАТОго мүчө өлкөлөр аймакка жибере турган аскер саны белгилүү болгондон кийин чечимин чыгарарын билдирди.

Афганстанда жарандык согуштун көптөгөн жылдардан бери болуп келе жаткандыгын эске салган Самуэлсен бир чечүүчү жолдун көрүнбөгөндүгүнө карабастан Дания өкмөтүнүн Афганстандагы шарттардын тең салмактанышына салым кошууну каалагандыгын билдирди.

Даниянын коргоо министри Клаус Хорт Фредериксен болсо бул тууралуу берген маалыматында башка өлкөлөр да Афганстанга аскер жибере турган болсо бул тууралуу кадам таштай тургандыгын билдирди. Фредериксен мунун ишке ашуусу менен Афганстанга жибере турган аскерлердин борбор шаар Кабулда коргоо, коопсуздук жана жүк ташуу тармактарында иштей тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар