Орусияда митинг, Навалнини камоого алуу

Москва жана башка шаарлардагы жалпы 80 митингде 1500 киши камоого алынды.

751575
Орусияда митинг, Навалнини камоого алуу
rusya gösteriler1.jpg

Президент В. Путинге каршы чыгышы менен таанылган, «Мыйзамсыздык менен күрөшүү фондунун» куруучусу жана активист Алексей Навалнинин чакыруусу менен Орусиянын бир топ шаарында миңдеген киши көчөлөргө чыгышты.

Борбор шаар Москвада болгон митингден мурда үйүнүн алдында кармалган Алексей Навалниге жыйындар тууралуу мыйзамды бузуудан бул жолу 30 күн абак жазасы берилди. Уруксатсыз деген негиз менен өкмөткө каршы митинг өткөрүлүшүнө уруксат бербеген полиция өкмөткө каршы ураандар менен жүргөн митингчилерге кийлигишти.

Москва жана башка шаарлардагы жалпы 80 митингде 1500 киши камоого алынды. Навалнинин чакыруусу менен Москвада март айында өткөрүлгөн митингдерде да миңге жакын киши камоого алынган болчу. Навалниге да полицияга баш ийбестиктен 15 күн абак жазасы берилген болчу.

41 жаштагы Навални апрель айында жүзүнө жашыл бир суюкутуктун чачылышы менен көрүү жөндөмдүүлүгүнүн жарымын жоготту.

Путиндин эң күчтүү атаандашы катары кабыл алынган Навални 2013 – жылы да беш жыл абак жазасына тартылган болчу. Европа адам укуктары сотунун чечими боюнча Орусия жогорку соту доонун кайталанышына чечим чыгарган. Сот чечиминин такталышы менен Навални келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо Путинге каршы талапкер болбойт.

Ошол эле учурда АКШ Навалнинин камалуусу жана Орусиядагы массалык камоолорго каршы чыкты. Ак үйдөн берилген маалыматта топ түрүндө камоого алуулар катуу тил менен сынга алынды. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер орус мекемелерине «бардык тынчтыкчыл митингчилерди эртерээк эркин койо берүүгө» чакырды.

Европа Биримдиги жана Эл аралык амнистия уюму да камоолорго каршы чыкты. Европа парламентинин төрагасы Антонио Тажани Навалнинин камоого алынышын «тынчсыздантуучу» деп мүнөздөп Эл аралык амнистия уюму митингчилерге карата күч колдонууну айыптап Орусияда «белги берген бир картинадан» сөз кылды.

 

 



Тектеш кабарлар