Еш - Шебаб Сомали аскердик базасына кол салды

Еш – Шебаб террористтери араларында жарандар да болгон жетимишке жакын кишини өлтүрдү.

749568
Еш - Шебаб Сомали аскердик базасына кол салды
dışişleri Raşidin saldırı kınama.jpg

Сомалинин жарым автономиялуу аймагы Пунтландда аскердик базага кол салган Еш – Шебаб террористтери араларында жарандар да болгон жетимишке жакын кишини өлтүрдү.

Жогорку мартабалуу аскердик жетекчи Ахмед Мохамед Еш – Шебаб мүчөлөрүнүн Аф  - Урур аскердик базасына граната жана оор куралдар менен кол салуу жасалгандыгын айтты.

Мохамед базада каза болгондордун санынын толугу менен аныктала албагандыгын, бирок алгачкы белгилөөлөргө караганда араларында жарандар да болгон жетимишке жакын кишинин каза болгондугун, ондогон кишинин жаралангандыгын айтты. Сомали армиясынын жардамчы күчтөрү кол салуу жасалган аймакка барып, Еш – Шебаб террористтерин аткылады. Бир тараптан Еш – Шебаб кол салуу тууралуу маалыматында алтымыш бир Сомали аскерин өлтүрүшкөндөрүн, армияга таандык көп сандаган аскердик унаа жана ок – дарыны колго түшүрүшкөндөрүн билдирди.

Түркия Пунтландда аскердик базага жасалган террордук кол салуудан терең санааркагандыгын билдирип, кол салууну айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Өлкөдө тынчтык жана ырааттуулуктун курулушу үчүн күрөшкөн коопсуздук күчтөрүнө карата бул террордук кол салууну катуу наалаттайбыз»,- деген сөздөр орун алды.

Кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтылып, жаралуулардын бат айыгып кетиши кааланган маалыматта Түркиянын терроризм менен күрөшүндө Сомали калкы жана өкмөтү менен тилектештик ичинде болууну улантары белгиленди.



Тектеш кабарлар