Иранда кислоталуу кол салуу

Кол салууда 16 киши жараланды.

748431
Иранда кислоталуу кол салуу

Ирандын борбор шаары Тегерандагы  кислоталуу кол салууда 16 киши жараланды. Окуянын террордук кол салуу менен байланышынын жок экендиги билдирилди.

Борбор шаардын түштүгүндө мотоцикл айдаган айдоочу жол жээгинде күтүп жаткан калың элге кислота экендиги белгиленген суюктук чачты.

Тегеран сот билдирүүсүндө кол салуучунун кармалгандыгын, кол салуучунун жубайы менен чатакташкандан кийин кыжырдануу менен үйүнөн алып келген кислоталуу суюктукту  жубайы да болгон калың элге  чачкандыгы белгиленди. Кол салууда 16 кишинин жаралангандыгы да билдирилди.

Соттон берилген маалыматта кол салуучунун кечээки террордук кол салуу менен байланышынын жок экендиги баса белгиленди.

Тегеранда кечээ парламент жана төңкөрүш лидери Айетуллах Хумейнинин күмбөзүнө  жаслаган куралдуу жана бомбалуу кол салууда 12 киши каза болуп, 43 киши жараланган жана кол салууну ДЕАШ террордук уюм моюнга алган.



Тектеш кабарлар