Деңизге кулап түшкөн учактын кара кутусу изделип жатат

Учакта 116 жүргүнчү жана экипаждын 14 мүчөсү болгон

748111
Деңизге кулап түшкөн учактын кара кутусу изделип жатат

Мьянмада кечээ дайынсыз жоголгон аскердик учактын деңизге кулап түшкөнү билдирилди.

116 жүргүнчү жана экипаждын 14 мүчөсүн ташыган аскердик учактын өлкөнүн түштүк жээктеринде деңизге кулап түшкөнү маалымдалды.

Жүргүнчүлөрдүн бардыгы аскердик кызматкер жана үй-бүлөлөрүнөн турат.

Кырсыкка учураган учакка таандык айрым бөлүктөр да табылды.

Кырсыктын себебин аныкташ үчүн кара кутунун табылуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар