БУУ сириялык балдар үчүн жарманке өткөрдү

БУУда аялдардын жол башчылыгында сириялык балдар үчүн жарманке өткөрүлдү.

739864
БУУ сириялык балдар үчүн жарманке өткөрдү

БУУнун туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн кошкон салымы менен жыл сайын өткөрүлгөн Нью Йорктогу БУУнун эл аралык жарманкеси бул жылы сириялык балдарга жардам максатында өткөрүлдү.

БУУнун борборунун кире беришинде ар бир өлкө өз стендин курган жана азык – түлүктөн баштап кол өнөрчүлүгүнө чейин бир топ буюм сатылган жарманке БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррестин жубайы Катарина Ваз Пинто Гутеррестин жол башчылыгында өткөрүлдү.

Иш чарага катышкан Түркия чүчү кулакка эки даана барыш – келиш Нью – Йорк Стамбул бизнесс класс учак билетине салым кошту. Жарманкеден түшкөн кирешенин сириялык качкындар менен дүйнөдөгү жардамга муктаж балдарга жумшалышы максат кылынууда. 



Тектеш кабарлар