Түндүк Кореянын ракета сыноосу БУУда сүйлөшүлөт

Дипломатиялык булактар Пхеньяндын атомдук программасы жана акыркы ракета сыноосу жабык эшик артында сүйлөшүлө турганын маалымдашты.

736640
Түндүк Кореянын ракета сыноосу БУУда сүйлөшүлөт

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши эртең Түндүк Кореянын акыркы жолку ракета сыноосу боюнча кезексиз жыйналышка чогулат.

Дипломатиялык булактар Пхеньяндын атомдук программасы жана акыркы ракета сыноосу жабык эшик артында сүйлөшүлө турганын маалымдашты.

Түштүк Корея кечээ Пхеньяндын жаңы ракетасын сынаганын  жарыялаган, ошол боюнча АКШ, Япония жана Түштүк Корея Коопсуздук кеңешинен кезексиз отурум өткөрүү талабын кылган.

Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында, Түндүк Кореянын Түштүк Пхёнан шаарынын Пукчанг облусунун жакын жеринен «аныктала албаган» ракета учурганын белгилеген.

Анда орто эсеп менен 500 км учкан ракетанын деңизге түшкөнү катталган.

Түндүк Корея да ракета сынаганын ырастады. Пукгуксонг-2 аттуу орто жана алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасынын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.

БУУнун коопсуздук кеңеши атомдук программасынын себебинен Түндүк Кореяга 2006-жылдан бери ар түрдүү аскердик жана экономикалык санкцияларды киргизүүдө.

АКШ, Түндүк Кореяга карай санкциялардын арттырылышын каалайт. Түндүк Корея болсо баллистикалык ракета сыноолорунун «коргонуу максаттуу» болгонун жактап жатат.



Тектеш кабарлар