Ирандын Сириядагы жоготуулары

Сириядагы кагылышууларда Иран төңкөрүш гвардиясы армиясына таандык эки аскер өлтүрүлдү.

734284
Ирандын Сириядагы жоготуулары

 

Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Төңкөрүш гвардияларына караштуу Зейнебиййюн полкунда кызмат кылган эки аскер Сириядагы кагылышууларда каза болду.

Аскерлердин жаназалары туулган жерлери  Ирандын Кум шаарына жиберилди. Сирияда алты айдан бери болуп жаткан жарандык согушта Башар Асад режимине аскердик колдоо берген Иран  бул өлкөдөгү кагылышууларда ушул кезге чейин араларында 15 генерал да болгон миңден ашуун аскердик кызматкерин  жоготту.



Тектеш кабарлар