Хатемиден Руханиге колдоо

Хетами : "Дагы жакшы келечек жана үмүттүн күчтөнүшү үчүн кайрадан Руханиге добуш бергиле",- деди.

732212
Хатемиден Руханиге колдоо

Ирандын мурунку президенти Мухаммед Хатеми 19 -  май жума күнү боло турган президенттик шайлоодо Хасан Руханини колдой тургандыгын билдирди. Хатеми социалдык медиа эсебинен берген видео кабарда 12 -  президентти шайлоодо Иран калкын Руханиге добуш берүүгө чакырды. Рухани өкмөтүнүн ийгиликтүү экендигин баса белгилеген Хатеми Руханинин бардык кыйынчылыктарга карабастан жакшы кызмат кылгандыгын жактады. 

Мурунку президент Хатеми Ирандын Рухани менен бирге кирген жолдун жарымына келгендигин белгилеп : "Кээ бир маселелерди чечтик. Андан да чоң маселелерди чечүү үчүн жолду аны менен  улантуубуз керек",- деди. Хетами : "Дагы жакшы келечек жана үмүттүн күчтөнүшү үчүн кайрадан Руханиге добуш бергиле",- деди. 

Иранда 7 - 8 -  мезгил президенттик кызматын аткарган Хатеми диний лидер Али Хаманей менен болгон келишпестиктерден улам бир канча жолу цензура жана тыюу салууларга дуушар болду. 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар