АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Кондализа Райстан моюнга алуу

Кондализа Райс 2003 -  жылы Иракты демократия үчүн эмес, мамлекет башчысы Саддам Хүсейинди кулатуу үчүн басып алышкандарын моюнга алды.

730899
АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Кондализа Райстан моюнга алуу

АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы жана мурунку Улуттук коопсуздук кеңешичиси Кондализа Райс 2003 -  жылы Иракты демократия үчүн эмес, мамлекет башчысы Саддам Хүсейинди кулатуу үчүн басып алышкандарын моюнга алды.

Мурунку президент Жорж Буш мезгилинде оболу Улуттук коопсуздук кеңешчиси, андан кийин 2005 – 2009 -  жылдары АКШнын мамлекеттик катчысы кызматын аткарган Райс Брукингс институтундагы  жыйында сүйлөгөн сөзүндө 2003 -  жылдагы Ирак же 2001 -  жылдагы Афганстанды басып алуунун демократияны бул өлкөлөргө жайылтуу максатында жасалбагандыгын айтты.  «Биз Иракка демократияны алып баруу үчүн эмес, Саддам Хүйсейинди кулатуу үчүн бардык. Бул коопсуздук маселеси эле»,- деген Райс : «Мен эч качан Буштун аскердик күчтү Ирак жана Афганстанга демократия алып баруу үчүн колдонгондугун айткан жокмун»,- деди.



Тектеш кабарлар