БУУ,Ракканын тургундары үчүн санааркап жатат
Бириккен Улуттар Уюму, Сириянын Ракка шаарындагы жарандар үчүн санааркап жатат.
![БУУ,Ракканын тургундары үчүн санааркап жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d7dc/2cdf/b50b/58fed79b488fd.jpg?time=1719193122)
БУУнун баш катчылыгынын жарыясында өткөн апталарда Раккада болгон салгылашуулар жана абадан бомбалоолордун себебинен көп сандаган жарандар каза болгону, бир тобунун жарадар болгону белгиленди.
Бомбалоолордо ооруканалар, мектептер, базарлар жана инфраструктура зыян тартканы баса белгиленген жарыяда; «БУУ, Раккадагы 400 миңден ашуун жарандын коопсуздугунан санааркап жатат»,деген сөздөргө орун берилди.
Кечээ Табкадагы абадан кол салууда беши баладан турган 8 жаран каза болуп, эки мектеп зыянга учураганы белгиленген жарыяда, 22-апрелде Албардах айылынын жакынындагы лагерде абадан бомбалоодо ондогон киши каза болгонун шилтеме кылды.
Анда Раккага жакын жердеги баш калкалоочу лагерлердеги адамдардын туш болгон шарттарына да токтолуп ар бир 5 кишиден төртүнүн чатыры жок баш калкалоочу үйлөрдө жашаганы, медициналык жардам ала албаган көп сандаган балдардын лагерлерде көз жумганы баса белгиленди.
АКШнын согуштук учактары террор уюму ДЕАШтын шаардан тазаланышы үчүн аймакка тез-тез абадан операция уюштуруп жатат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719193122)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719193122)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.