Рефах капкасы үчүн Египетке чакыруу

Газадагы Палестинанын ички иштер министрлиги 45 күндөн бери жабык болгон Рефах чек ара капкасын ачышы үчүн Египетке чакыруу салды.

718995
Рефах капкасы үчүн Египетке чакыруу

Газадагы Палестинанын ички иштер министрлиги 45 күндөн бери жабык болгон Рефах чек ара капкасын ачышы үчүн Египетке чакыруу салды.

Ичик иштер министрлигинин катчысы Ияд  ел  -  Безм жазуу түрүндөгү маалыматта : «Египет башкаруусун Газадагы адамзаттык шарттарды жакшыртуу үчүн Рефах чек ара капкасын эң кыска убакытта ачууга чакырабыз»,- деп жазды.

Безм чек ара капкасы 45 күндөн бери жабык экендигин, акыркы 8 айдын ичинде капканын биринчи жолу ушунчалык узун убакыт жабык болгондугун, бул абалдын адамзаттык шарттарды кыйындаткандыгын белгиледи.

Маалыматта адамзаттык абалдардан улам чек ара капкасынан өтүү үчүн чек ара капкаларын башкаруусуна 20 миңден ашуун кишинин катталгандыгы белгиленди. Египет башкаруусу 2013 -  жылдагы 3 -  июлдагы аскердик козголоңдон кийин жапкан Рефах чек ара капкасынын кээ кээде кыска убакытка ачууда.



Тектеш кабарлар