Владивостокко визасыз кирүү камсыздалат
Дмиртий Медведев, Түркия менен кошо 18 өлкөнүн жарандарынын Орусиянын Ырааккы Чыгыш аймагында орун алган Владивосток портунан визасыз кире алууларына мүмкүнчүлүк берген токтомду бекитти.
![Владивостокко визасыз кирүү камсыздалат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8504/7c85/7485/58f4c0de2aae2.jpg?time=1719191298)
Орусиянын премьер-министри Дмиртий Медведев, Түркия менен кошо 18 өлкөнүн жарандарынын Орусиянын Ырааккы Чыгыш аймагында орун алган Владивосток портунан визасыз кире алууларына мүмкүнчүлүк берген токтомду бекитти.
Орус өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү жарыясына караганда ал өлкөлөрдүн атуулдары үчүн эми Орусиянын Ырааккы Чыгыш аймагында салттуу виза процедуралары жүргүзүлбөйт.
Арасында Түркия да орун алган өлкөлөрдүн жарандары мындан ары интернетте түзүлгөн сайт аркылуу керектүү маалыматтарды кирип, аты аталган аймакта орун алган Владивосток портунан визасыз кире алышат.
Түркиядан башка Алжир, Бахрейн, Бруней, Индия, Иран, Катар, Кытай, Түндүк Корея, Кувейт, Марокко, Мексика, БАЭ, Оман, Сауд Арабиясы, Сингапур, Тунис жана Япониянын атуулдары Орусиянын Ырааккы Чыгыш аймагына визасыз кире алышат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719191299)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719191299)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.