Англиядан Кытайга товар ташыган поезд ишке кирди

Жүк ташуучу поезд 12 миң километрге жакын аралыкты 17 күндө өтөт

709752
Англиядан Кытайга товар ташыган поезд ишке кирди

Англия менен Кытайдын ортосунда түздөн түз товар ташый турган биринчи жүк ташуучу поезд ишке кирди. Англиянын  Essex шаарынан жолго чыккан  30 вагондук биринчи жүк ташуучу поезд 12 миң километрге жакын аралыкты 17 күндө өтүп, Кытайдын чыгышындагы Жежианг аймагына барат. 

Англис экспорт товарларын Кытай базарына жеткире турган жүк ташуучу поезддин Франция, Бельгия, Германия, Польша, Белорусия, Орусия жана Казакстан аркылуу өткөндөн кийин Жежиангга 27 -  апрелде барышы күтүлүүдө. 

Биринчи жүк ташуучу поезддин каттамында эң көп  Англияда өндүрүлгөн виски, пиво, газдуу ичимдиктер, азык - түлүк жана бөбөктөр үчүн азык - түлүктөр орун алды.

 



Тектеш кабарлар