Мосулда ДЕАШты бутага алган операция жүргүзүлдү

Мосул шаарынын чыгыш жагында террор уюму ДЕАШты бутага алган операция жүргүзүлүп, анда үчөө террордук уюмдун башкаруучусу болгон 32 террорист жок кылынды.

709283
Мосулда ДЕАШты бутага алган операция жүргүзүлдү

Ирактын Мосул шаарынын чыгыш жагында террор уюму ДЕАШты бутага алган операция жүргүзүлүп, анда үчөө террордук уюмдун башкаруучусу болгон 32 террорист жок кылынды.

Коргоо министрлигине караштуу аскердик чалгындоо директорлугунун жазуу түрүндөгү жарыясында эл аралык коалициялык күчтөрдүн Мосулдун батыш жагында «Эл-Ислах Эз-Зираи-Эл-Вершах» аймагында террор уюмунун башкаруучулары да жайгашкан ДЕАШка таандык жайга абадан чабуул коюлганын маалымдады.

Анда, арасында марокколук, сауд арабиялык жана улуту белгисиз ДЕАШ башкаруучулары да орун алган 32 террористтин операцияда жок кылынганы белгиленди.

Бул учурда Иттихадие полициялык күчтөргө таандык ыкчам кыймыл күчтөрүндө кызмат кылган полиция офицери Халид Сухейл эн-Насири, шаардын бастыш жагындагы Эл-Кадиме аймагына бир канча жерден кеңири масштабдуу операциялардын башталышы үчүн бардык даярдык бүткөндүгүн айтты.

Ирак күчтөрү Мосулдун батыш жагын ДЕАШтан тазалаш үчүн 19-февралда операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар