Украинада жарылууну коштогон өрт чыкты

Армия, жарылуунун саботаждын себебинен болгонун жана окуяда эч ким жаракат албаганын жарыялады.

697703
Украинада жарылууну коштогон өрт чыкты

Украинанын Харьков областынын Балаклея шаарындагы аскердик ок-дары сактоочу жайда болгон жарылуудан кийин алоолонгон өрт башталды.

Армия, жарылуунун саботаждын себебинен болгонун жана окуяда эч ким жаракат албаганын жарыялады.

Аскердик прокурор Анатолий Матиос да, өрттүн бир убакта бир канча жерде башталганын жана бул окуя «саботаж» сыяктуу көрүнгөнүн айтты.

138 миң тонналык ок-дары зыянга учураган жарылуунун себебинен аймактан 15 миң киши эвакуация кылынды.

Жарылуулардан кийин ок-дары сактоочу жайга жакын жердеги үйлөрдүн терезелери сынып, чөйрөдөгү 7 чакырымдык аянт карантинге алынды.



Тектеш кабарлар