Орусиянын Советтер Союзунан калган карыздары

Орусия бардык карыздарын 45 күндүн ичинде жабат

696055
Орусиянын Советтер Союзунан калган карыздары

Орусия Босния-Герцеговинага болгон Советтер Союзунан калган бардык карыздарын 45 күндүн ичинде жабат.

Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак Советтер Союзу убагынан калган акыркы карыздын төлөнүшү боюнча Босния-Герцеговина менен макулдашканын сөз кылды.

Босния-Герцеговинага 45 күндүн ичинде 125 миллион 200 миң доллар төлөнө турганын билдирген Сторчак, ушундайча Орусиянын Советтер Союзунан калган бардык карыздарынын жабыла турганын айтты.

Орусия Советтер Союзу 1991-жылы таркагандан кийин чоң бөлүгү батыштык өлкөлөргө болгон 66 миллиард доллардык карыздын жоопкерчилигин алган болчу.



Тектеш кабарлар